super.kg logo

21 дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү. Министрлик коронавирустан жабыркаган медицина кызматкерлерине компенсация берилип жатканын айтты

 

Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан саламаттыкты сактоо уюмдарынын 144 кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку кенемте төлөндү. Мындан тышкары, каза болгон 21 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда республикалык штабдан кабарлашты.

"Укук коргоочулардын "Саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилиги тармактык министрликтин медициналык кызматкерлерине тиешелүү компенсацияларды төлөп берүүдө ар кандай шылтоо менен тоскоолдук кылууда” деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.

Азыркы учурда министрлик тарабынан компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн кошумча 100 миллион сом бөлүп берүү боюнча буйруктун долбоору даярдалган. Документ макулдашууда жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы компенсация төлөмдөрү үчүн документтерди топтоону тыйган эмес. Ошондой эле медицина кызматкеринин илдетти жуктуруп алуу фактысын далилдөө үчүн бейтаптарды чакырып, алардан сурамжылоо жүргүзүү талап кылынган эмес. Себеби документтерди толтуруу саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлгөн. Компенсацияларды төлөөнүн кечиктирилип жатканы - талап кылынган документтердин толук берилбегендигине байланыштуу. Бул учурда документтердин бөлүгү кайра иштеп чыгууга кайтарылат. Документтердин толук топтому комиссиялык чечим кабыл алынгандан кийин берилет", - деп белгиледи комиссиянын төрагасы Мадамин Каратаев.

Саламаттыкты сактоо министрлигине комиссиянын кароосуна 1 миң 500гө жакын документ келип түштү, алардын ичинен 829 документ экспертизадан өттү, калган документтер каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: