Сутка ичинде 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 9 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
• Баткен облусунда – 4;
• Жалал-Абад облусунда – 1;
• Ош облусунда – 4.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3197 учур катталды, алардын ичинен 2779 медкызматкер айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.