Бишкекте “Тил – рух казынасы” аттуу иш-чара болот
23-сентябрда Мамлекеттик тарых музейинде “Тил – рух казынасы” аттуу иш-чара болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлөт. Максаты – кыргыз тилине окуучулардын, студенттердин көңүлүн буруу жана анын өнүгүүсүнө салым кошуу. Иш-чарада “Тил – рух казынасы” темасына жазылган эң мыкты эсселер, Кыргызстандын белгилүү жазуучуларынын чыгармаларынан үзүндүлөр окулат, ошондой эле ар кандай оюндар да уюштурулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.