super.kg logo

"Биримдик" №1. Талапкер Гүлжигит Жумаев: Улуттук искусствону, улуттук адабиятты ѳгѳйлѳнткѳн өкмѳткѳ каршы турам!"

 

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлжигит Жумаев шайлоочулар менен жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ.

Бул ирет талапкер Сузак районунун Кара-Булак айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда Гүлжигит Жумаев "Биримдик" партиясынын программасы менен тааныштырып, элдин кѳңүл ѳйүткѳн суроолоруна жоопторун берди. Жергиликтүү тургундар айылга ФАП керектигин, жолдордун оор абалы, токойлордун кароосуз калганы боюнча кѳйгѳйлѳрдү кѳтѳрүштү.

Талапкер "Биримдик" партиясынын идеологиясынын ѳзѳгүн ар бир адамдын жашоо деңгээлин кѳтѳрүү менен социалдык адилеттүүлүккѳ жетишүү түзѳрүн баса белгиледи. Ал үчүн партиянын программасында экономиканы ѳнүктүрүү, социалдык камкордукка алуу саясатын күчѳтүү багыттары камтылган.

Ошону менен бирге депутат болуп калса, аймактарды ѳнүктүрүп, жумуш орундарын түзүүгѳ инвестиция тартуу зарылдыгын ѳкмѳттүн алдына коёрун айткан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер бул маселе партиянын программасында камтылганын кошумчалады. Партиянын программасына ылайык, аймактарга тартылган инвестициянын кѳлѳмү эки эсе кѳбѳйтүлүп, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, жеңил ѳнѳр-жайды, туризмди ѳнүктүрүүгѳ ѳзгѳчѳ басым жасалары белгиленген.

Мындан сырткары, улуттук баалуулуктарды, маданиятты ар дайым кастарлап келген инсан катары улуттук искусство, улуттук адабият, улуттук кино тармагына ѳгѳй баладай мамиле кылып жаткан өкмѳткѳ каршы турарын баса белгиледи.

"Бир дагы дүйнөдө жок өнөр адамдары кыргызда гана бар. Алар манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар, саяпкерлер. Мына ушул өнөр ээлерин, ушул кайталангыс өнөр жаатын дүйнөлүк ЮНЕСКОго окшогон уюмдар коргоого алууда. Биз өзүбүз коргоп да, колдоп да ала албай жатканыбыз өкүндүрөт", - деди ал ѳз сѳзүндѳ.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 22-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: