Рэпер Бегиш "жарым сааттык интервьюсун 150 долларга баалады" деген билдирүүгө карата жооп берди
Социалдык тармактарда рэп ырчысы Бегиштин дарегине карата сындар айтылууда. Буга ырчынын жергиликтүү телеканалдардын бирине маектешүүгө чакырылганы себеп болгон.
Маалымат каражатынын өкүлү Бегиш мырзага байланышып, "Кыргыз тил күнүнө карата куттуктап койбойсуңбу" деп суранган. Буга Бегиш мырза "30 мүнөттүк видео интервью 150 доллар, аудио интервью 50 доллар" деп жооп бергенин жазып чыкты.
Талкуу болуп жаткан билдирүү боюнча рэперге байланышканыбызда буларга токтолду.
"Мен ал билдирүүнү көрө элекмин жана көргүм да келген жок. Мен болгону 150 доллар деп айткам, 50 долларга сүйлөшүп алса болот деп айтканым калп. Чычалабай эле коюшсун. Менин талабым алардын оюндагы идеалдуу план эмес экен. Бекер иштеп көнүп калгандар аябай таң калышып, чычалап жиберишиптир. Бул көрүнүштү кээ бирлери тил күнү менен байланыштырып жатышат. Кандай канал болбосун, кандай гезит болбосун видео маек 150 доллар, текст түрүндөгү маек 100 доллар. Ал эми маектин темасында айырма жок. Бирөөнүн контентин толтуруу үчүн бекер маек бербейм. Кыргыз тилди мен илгертен эле пропаганда кылып келем. Аларга майрам күнү отчёт үчүн эле керекмин. Тилге кайдыгер карап коюптур дебей эле коюшсун!" - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
5

Бир кун келет, Бегиш журналисттердин аркасынан чуркайт мени угуп койгулачы деп. Коппой, чокпой бир калыпта жургогдорду чакыргыла, журналисттер.