super.kg logo

ЖАМК Сапар Исаковдун №27 түзөтүү абагына которулганы боюнча түшүндүрмө берди

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун Молдовановка айылындагы №27 абакка которулганы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жаза-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүмүндө "соттолгондор жазасын ар кандай жерлерде өтөөгө жөнөтүлөт" деп жазылган. Мындан улам соттолгон Сапар Исаков 23-сентябрь күнү №27 түзөтүү абагына которулду", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын 23-апрелинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектеги СИЗО-1ден Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулган.

Мурдагы өкмөт башчы ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык иштерди жасаганга күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу жана Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча айыпталып, шаардык сот тарабынан 18 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.09.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо жалпы 33 жылга кесилдиби акча алганын канча алганын далилдеп таап мамлекетке өткөрүп бердиңерби же жеген имиш менен эле чектелип соттоп жатасыңарбы ачык элге көрсөтүп соттогула да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: