"10 жылдан ашык убакыттан кийин чыгармачылыгымды жанданттым" дейт ырчы Бурул Арунованын мурдагы жолдошу
10 жылдан ашык убакыттан кийин чыгармачылыгын жандантканын айткан Эрнис Турсунов "Күтүү" аталышындагы ырын жаздырды. Ал ырчылыкка аттанганы боюнча мындай дейт.
"Бирөөнүн көзүнө көрүнөйүн деген максатта ырдап чыккан жокмун. 10 жылдан ашуун убакыт мурда "Үмүт, ой" деген ырды ырдап чыккам. Бирок үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу чыгармачылыкты уланта алган эмесмин.
Азыр менде мүмкүнчүлүк бар болгондуктан кайрадан өзүм сүйгөн ишти жасайын дедим. Анын үстүнө досторумдун көбү чыгармачыл адамдар. Ошолордун жардамы менен баш-аягы 4 ыр жаздырдым, учурда клип тарттырууга даярданып жатам".
Эрнис Турсунов 2019-жылы ырчы Бурул Арунова менен үй-бүлө курган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Укмуш смс каттарынды окудук эле соц.желеден.