super.kg logo

“Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени Манас районунда

 

“Кыргызстан” саясий партиясынын жаш талапкери Кумаш уулу Кылычбек Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Эл уулун тосуп алган айыл тургундары жаш талапкерге элеттеги көйгөйлөрдү ачык айтып, суроолорун беришти.

Негизинен элеттиктер таза суу, жол куруу, айылдагы мектептердин абалы жана миграция тууралуу суроо узатышты.

Кумаш уулу Кылычбек айыл тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүчү маселелери “Кыргызстан” партиясынын программасында камтылганын белгилеп, партиянын программасы менен тааныштырды.

“Айылдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн бирден бир жолу – бул жумушчу орундарды түзүү жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу. Биздин партия бул багытта куру убада менен эмес, өндүрүш менен өнөр жайга жана өлкө экономикасына иш жүзүндө салым кошуп, элди жумуш орундар менен камсыздап келген партия. Өлкөнүн экономикасы көтөрүлүп, эл жумуш орундар менен камсыз болсо бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачылат”, – деди талапкер.

Жолугушуунун соңунда айыл тургандары Кумаш уулу Кылычбекке ийгиликтерди каалашып, колдоп берерин билдиришип, ак бата менен узатышты.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: