super.kg logo

Ырчы Төлөгөн Мамыров: "Жубайым экөөбүз таанышкан күнү эле үйлөнөбүз деп чечкенбиз"

 
Обончу, аткаруучу жана актёр Төлөгөн Мамыров бойдокчулук менен коштошуп, сүйүктүүсү Айтурганга баш кошту. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 26-сентябрда Ноокатта өттү.

Төлөгөн Мамыров чыгармачылыктагы достору аркылуу сүйүктүүсүн кезиктиргенин айтып, махабат баянына кыскача токтолду.

"Жубайым менен ырчы досторум тааныштырды. Ал сулуулук салондорунун биринде чач тарач болуп иштеп жүрүп, чыгармачыл адамдар менен тааныш экен. Мен үйлөнөм деп калдым. Ошондо досторум таанышып көргүлө деп Айтурганды сунуштап калышты.
Айтурган экөөбүз таанышкан күнү эле ой-пикирлерибиз келишип, сөздөрүбүз бир болуп үйлөнөбүз деп чечтик. Арадан 40 күн өткөндөн кийин тоюбуз болду. Жубайымдын жашы 18де",
- дейт ал.

Эки жашка шоумен Кадыр Жарматов менен жубайы өкүл ата, өкүл апа болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
28.09.2020. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула!!! Сонун жарашкан түгөйлөр болупсуңар.
29.09.2020. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экөөң тең бири бирине окшош экен. Булар бактылуу болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: