super.kg logo

Көңүл буруңуз! 2020-жылдын 1-октябрында бардык идентификацияланбаган мобилдик капчыктар өчүрүлөт

 

Balance мобилдик тиркемеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына чейин бардык идентификацияланбаган колдонуучулар тиркемени жаңыртып, онлайн-идентификациядан өтүүгө тийиш экендигин эскертет. Антпеген учурда төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүн болбойт.

Идентификациядан Balance тиркемесинде же сизге жакын Beeline сатуу жана тейлөө кеңсесине паспортуңуз менен келип, өтө аласыз.

Тиркемеде идентификациядан кантип өтүү мүмкүн:

  1. Balance.kg тиркемесин жаңыртыңыз;
  2. Башкы беттин менюсунда "дагы" баскычын басыңыз;
  3. Андан кийин "Орнотууларды" тандап, "Аккаунтту" басыңыз;
  4. "Идентификациядан өтүүнү" тандаңыз.

Террорчулук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында жана каржы агымынын бузулушуна жана тыюу салынган товарларды сатып алууга каршы туруу максатында 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган электрондук капчыктардын колдонулушуна КРУБ тарабынан тыюу салынат.

Онлайн-идентификациянын негизги артыкчылыктары:

- Лимиттердин 60 000 сомго чейин жогорулашы;

- Кызматтар менен чексиз пайдалануу мүмкүнчүлүгү;

- Электрондук капчыктардын ортосундагы которуулар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: