super.kg logo

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда "Альфа" кызматкерлеринин арасынан 3 жабырлануучу көрсөтмө берди

 

Бүгүн, 28-сентябрда Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча процесс болуп өттү.

Ага ылайык, бүгүнкү сот отурумунда УКМКнын атайын багыттагы кызматынын “Альфа” кызматкерлеринин арасынан жабырлануучулар К.Кожахметов, У.Уланов жана Ф.Фархатов суракка алынганы маалымдалат.

"Жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу сот отуруму 30-сентябрь саат 10:00гө жылдырылды", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
29.09.2020. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апенди Кой Ташта туруп Ак Уйдун туалетине кирип женилдеп чыкты дегендей эле жазып коюпсунар го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: