Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча кийинки соттук отурумга катышат
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 2-октябрда өтө турган соттук отурумга катышат. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуясы боюнча сот отуруму уланууда. Жактоочу Сергей Слесарев судьядан отурумга катышуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сотко жеткирилишин камсыздоону суранды. Судья Марат Сыдыков бул өтүнүчтү канааттандырды. Экс-президент 2-октябрда боло турган кийинки отурумга катышат", - деп жазган Жолдубаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.