super.kg logo

Айжан Чыныбаева: “Ишкер айымдарга жеңилдетилген насыялар берилиш керек”

 

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы эл менен болгон жолугушууда ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү жана экологияны сактоо боюнча партиянын максаттары менен бөлүштү.

“Биз өзүбүздүн экологиялык иш-чараларыбызды Ысык-Көл облусунун аймагында баштаганда жаратылышыбыздын жок болуу коркунучу, ага жардамыбыз керек экендиги эч кимди кызыктырган эмес. Колдоонун ордуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көңүл кош мамилеге туш болдук. Биздин берметибизди тазалоого кеткен чыгымдарды өзүбүздүн моюнубузга алганбыз. Ыктыярчылар менен аймакты тазалоодо бизден акимдин, губернатордун уруксатын талап кылган учурлар да болду. Алардын мамилеси бүгүнкү күндө да ошол эле бойдон калууда. Өлкөдөгү таштандылардын 70 пайызы Ысык-Көл облусунда”, - деди талапкер.

Айжан Чыныбаева депутат болсо ишкер айымдарга дагы өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

“Кыргызстандагы ишкер айымдарды өнүктүрүүгө жана экологиялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурам. Эмне үчүн айымдарга? Анткени аларга жардам берүү менен биз бардык үй-бүлөгө жардам берген болобуз. Биз үчүн күчтүү балдарды тарбиялай алган айымдардын инсан катарында ар тараптан өнүгүүсү маанилүү. Бийлик тарабынан айымдарга түрдүү колдоолор байма-бай көрсөтүлүп турушу керек. Мисалы, ишкер айымдарга жеңилдетилген насыялар берилиши кажет. Бирок насыяны жөн эле берип койбой, андан кутулуунун жолдорун үйрөтүү боюнча атайын курстарды уюштуруу зарыл”, - деди “Бир Бол” партиясынан талапкер Айжан Чыныбаева.

БИР БОЛ №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 30-сентябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: