super.kg logo

Алтынбек Сулайманов: “Бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”

 

“Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Таза шайлоо” аттуу тазалык акциясынын жүрүшүндө билдирди.

“Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан тазалаганбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” экологиялык иш-чарасы менен жыйынтыктап жатабыз. Бир гана айлана-чөйрөнү эмес, мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо - биздин негизги максатыбыз”, - деди партия лидери.

Ошондой эле Сулайманов эски системадан арылуу учур талабы экенин кошумчалады.

“Биз буюрса, шайлоодон өтүп келсек, эски системаны өзгөртөбүз. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Өлкөнү жаңылануу күтүп жатат. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз. Биз эл көксөгөн таза жашоону курууга даярбыз”, - деди Алтынбек Сулайманов.

Белгилей кетсек, Чоң Чүй каналынын жээгиндеги тазалык акциясына “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: