super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматов: “Тазалануу бүгүн бизге аба менен суудай керек”

 

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө тазалануу аба менен суудай керек болуп жатканын айтты.

“Сот системасын, аткаруу бийлигин, парламентти тазалаш керек. Коом тазаланууну, жаңыланууну эңсеп, күтүп, тилеп жатат. Жаңы муундун, күчтүү лидерлер командасынын, заманбап деңгээлдеги саясатчылардын келгенин мен тазалануу деп түшүнөм. Буюрса, эл бир силкинип, бир булкунуп акчага жана башка кызыкчылыктарга эмес, тазаларды, мыктыларды тандайт деп ишенем”, - деди Алмамбет Шыкмаматов.

Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: