super.kg logo

Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишин кароо кайрадан жылдырылды

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишин кароо кайрадан жылдырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү соттук териштирүү айыпталуучу Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу жылдырылды. Кийинки соттук отурум 2020-жылдын 2-октябрь күнүнө саат 14:00гө белгиленди" , - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 30-сентябрда дагы Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишин кароо, айыпталуучунун ооруп жатканына байланыштуу жылдырылган.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылы УКМК Зилалиевдин декларацияга киргизилбеген кыймылсыз мүлктөрү, банктык эсеби бар экенин аныктаганы тууралуу маалымат тараткан. 2019-жылы ага карата Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейин төмөндөгү мамлекеттик кызматтарды ээлеген:

  • Коргоо кеңешинин катчылыгынын катчысынын орун басары;
  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы;
  • Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы;
  • Вице-премьер-министр;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтарын ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: