super.kg logo

"Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту улантылды

 

Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жазык иши каралды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдирди.

Бүгүнкү соттук отурумда Өмүрбек Текебаевди суракка алуу улантылганы айтылат.

"Өмүрбек Текебаев көрсөтмө берип бүткөн соң, сот Дүйшөнкул Чотоновду суракка алууга өттү. Бирок иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу соттук отурум 2020-жылдын 5-октябрь күнүнө саат 14:00гө жылдырылды", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

Өткөн жылдын 21-август күнү Жогорку Сотто Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарылган.

Андан көп өтпөй эле 29-августта Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгышкан.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда Текебаевдин ишин кайра кароо таржымалы боюнча бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: