БШКнын төрайымы: "20 күндүн ичинде шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгышы керек"
Бүгүн, 5-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын берүүдө.
Анда ага акыркы жыйынтыктар качан чыгат деген суроо берилди.
Шайлдабекова билдиргендей, мыйзамга ылайык, шайлоонун жыйынтыгы 20 күндүн ичинде чыгышы керек.
Кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:00дө өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулган. Учурда автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүүдө.
Көрсөтүлгөн убакытка карата 4 партия босого чегинен өттү. Алар: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:07
2021-01-18
1:41
2020-11-15
18:03
2020-10-31
9:23
2020-10-26
12:55
2020-10-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.