super.kg logo

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 9 жылга эркинен ажыратылды

 

Бүгүн, 5-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "мыйзамсыз баюу" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Дүйшөнбек Зилалиев 9 жылга эркинен ажыратылганы маалымдалат.

"Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылды жана ага карата 7 жылга эркиндигинен ажыратуу менен 3 жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленди. Жазык кодексинин 78-беренесинин 6-бөлүгүнүн негизинде, жазаларды жарым-жартылай кошуу менен Зилалиевге 9 жылга эркиндигинен ажыратуу менен 3 жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленди. Ошондой эле үй мүлкүн конфискациялоо боюнча чечим чыкты. Зилалиевге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылды", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылы УКМК Зилалиевдин декларацияга киргизилбеген кыймылсыз мүлктөрү, банктык эсеби бар экенин аныктаганы тууралуу маалымат тараткан. 2019-жылы ага карата Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейин төмөндөгү мамлекеттик кызматтарды ээлеген:

  • Коргоо кеңешинин катчылыгынын катчысынын орун басары;
  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы;
  • Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы;
  • Вице-премьер-министр;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтарын ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: