super.kg logo

Баш аламандыктан кийин борбордук "Ала-Тоо" аянтын тазалап, ыктыярчыларга ысык чай берген шоу-бизнес өкүлдөрү

 

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, баш аламандык орун алды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышты. Массалык баш аламандыктан кийин Бишкектин борбордук көчөлөрү, "Ала-Тоо" аянты желим баштык, бөтөлкөлөргө жана таш, таяктарга, айрылган кагаздарга толуп калды.

"Тазалык" муниципалдык кызматынын кызматкерлери таштандыга толгон аймактарды тазалоону түн ичинде баштаган. 6-октябрда шоу-бизнестин өкүлдөрү, ыктыярчылар дагы көчөлөрдү тазалоого чыгышты. Айрым белгилүүлөр ыктыярчыларды ысык чай менен камсыз кылышты.

Алсак, ырчы Каныкей ыктыярчыларга таттуу токочторду алып барды.

"Аянтка жакын жашайм. Түн ичиндеги окуялар тууралуу эртең менен кабардар болдум. Социалдык тармактан маданият өкүлдөрүнүн аянтта жүргөнүн көрүп, таттуу токочторду алып жөнөдүм. Барсам эл өздөрү эле чай, самсы жана башка тамак-аштарды, суусундуктарды алып келип жатышыптыр. Ошолорду иреттеп таратууга көмөктөшүп, кофе, чай куюп берип турдум", - дейт ал.

Ал эми Съездбек Искеналиев таштандыга толгон аянтты жана борбордук көчөлөрдү тазалоого келип, кол-кабыш кылды. Ал борбор шаар жана андагы тазалык баарына керек дейт.

Алып баруучу Назира Айтбекова аянтты, көчөлөрдү тазалоо демилгесин баштап чыккандардын бири. Ал таң атпай аянтка келип, элди акыр-чикирлерди тазалоого чакырды.

Кайрымдуулук иштерин жасап жүргөн ырчы Бактыгүл Бадыева дагы тазалыкты камсыз кылгандарды азык менен камсыз кылуу үчүн аянтка келди.

Катарга ырчы Калыс Жакыпов да кошулуп, тазалык иштерине катышты. Мындан тышкары шоумен, режиссёр, жана башка өнөр адамдары келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(5)
06.10.2020. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодцы
06.10.2020. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы туура эмес кишилерди чыгарганы жаккан жок
06.10.2020. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артистер кочо тазалабай калыштыго кычырап кийинип алып турушат жон эле келип оздорун пиар кылыш учун эле айтып атышат
06.10.2020. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Антпей эле телефонубузга селфи кылыш үчүн келдик дешсе болмок экен. Кечинде чыкпайт белеңер кыйын болсоңор Мирбек Атабековдой болуп эжелерге тийешеси жок бул сөзүм жигиттер силерге тийешелүү. Кечинде ке бир жигиттер сүрөткө түшүп атышканын көрүп кыжыр кайнады эркек болгулачы анан махтангансып состармагынарга киргизесинер.
06.10.2020. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көчөнү деле тазалап жүрөбүз көчө тазалаганын мактанбай эле коюшсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: