ИИМ, шаардык милиция жана элдик кошуун биригип, борбордогу стабилдүүлуктү сактоо боюнча инструктаж өткөрүштү (видео)
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти көзөмөлдөө шаардык милициянын жана элдик кошуундун негизги милдети катары калууда. Учурда биздин максат бир - бул борбордогу стабилдүүлүк. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
"Бүгүн, 8-октябрда Бишкек ШИИББинин жетекчилиги ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу Курсан Асанов, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жана милиция кызматкерлери менен элдик кошуундун мүчөлөрү болуп инструктаж өттү.
Учурда шаардын көчөлөрүн кайтаруу үчүн миңдеген ыктыярчы элдик кошуундар чыгышты. Алар укук коргоо органдарына коомдук тартипти көзөмөлдөөгө активдүү жардам берип жатышат. Мындан тышкары менчик объектилер менен мамлекеттик мүлктөр коргоого алынды", - деп жазылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги, шаардык милиция жана элдик кошуун биригип инструктаж өткөрүштү

