super.kg logo

5-октябрдагы митингде абактан бошотулган Айбек Калиев жаза өтөп жаткан абакка өзү келди

 

5-октябрда өткөн митингде демонстранттар тарабынан абактан бошотулган "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев өз ыктыяры менен мөөнөтүн өтүп жаткан абакка барды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

"Соттолуучу Айбек Калиев бүгүн, 12-октябрда ЖАМКтын жаза өтөөчү жайына өзү келди. Ал 5-октябрдан 6-октябрга карган түнү митингге чыккан адамдар тарабынан мыйзамсыз бошотулган. Айбек Калиев өзүнүн жаза мөөнөтүн өтөөнү улантат", - деп жазылат маалыматта.

"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштерди жасаганга катышкан деген айып менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал жаза мөөнөтүн Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында өтүп жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: