Дональд Трамптын коронавирус жуктурганын уккан индиялык жаран жүрөгү кармап каза болду
АКШ президенти Дональд Трамптын коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын уккан индиялык Бусса Кришна аттуу жаран жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Дональд Трамп инфекция жуктуруп алгандан кийин индиялык жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына АКШ лидеринин тезирээк сакайып кетишин каалаган эмоционалдык видеолорду бир нече жолу жарыялаган.
"Ал Трамптын коронавируска чалдыкканын уккандан кийин депрессияга кабылып, тамак жебей калган. Биз аны ооруканага алып барганыбызда каза болуп калды. Өлүмдүн себеби - инфаркт", - деген маркум Бусса Кришнанын жакын тууганы.
Дональд Трамп 2-октябрда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-07-10
Рейтинг:
0

Менин журогум Трамп олуп калса суйунгонунон жарылса керек)))