super.kg logo

"Талаптар аткарылбаса, тиешелүү чаралар көрүлөт". ЖАМК Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун абакка кайтышын күтүп жатат

 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен мурунку мэр Албек Ибраимовдун абакка кайтып келишин күтүп жатат. Бул тууралуу аталган мекеме маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылган. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук Кардиология жана терапия борборунда жатат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелерине келе элек соттолуучу Сапар Исаков, Албек Ибраимовго берилген өргүүнүн мөөнөтү аяктады.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 97-беренесинин негизинде 2020-жылдын 6-октябрында түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра мурда жазасын өтөгөн мекемелерге кайтып келүүгө уруксат берилген адамдарга кайрылат. Талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүшөт", - деп билдирди мекеменин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
13.10.2020. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сапар тур эми аялынын койнунда жата бербей бар эми кутуп атышат.
13.10.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кычкачты ала бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: