super.kg logo

Жактоочу Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы боюнча Аскердик прокуратурага арыз менен кайрылды

 

Бүгүн, 14-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы боюнча жактоочу Замир Жоошев Аскердик прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу маалыматты жактоочу өзү тастыктады.

Жактоочу тарабынан берилген арызда төмөндөгүлөр жазылган:

1. Алмазбек Атамбаевдин кармалышы жана анын УКМКнын СИЗОсунда камакка алынышынын мыйзамдуулугун текшерүү;

2. УКМКнын жетекчилерин эгер күнөөсү аныкталса, мыйзам чегинде жоопко тартуу;

3. УКМКнын СИЗОсунун жетекчилиги тарабынан Биринчи Май райондук сотунун 6-октябрдагы Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча токтомдун аткарбагандыгы арыз берүүнүн негизи болду.

Буга чейин мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунан райондук соттун токтомунун негизинде чыкканын билдирген. Токтомго ылайык, Атамбаев 2020-жылдын 11-ноябрына чейин үй камагында болору айтылган.

Ал эми УКМКнын маалымат кызматы тарабынан 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Биринчи Май райондук сотуна карата коркутуу болгонун, аталган токтомго басым астында кол коюлганы тууралуу маалымат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
14.10.2020. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Үй камагына чыкса аянтка бок жегени келеби анан, элди бөлүп-жарып. Жатсын нары СИЗОдо
14.10.2020. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Камалып турганы жакшы экен тынчыраак болот экен. Чыкса эле Бир нерсени баштайт экен . Кан токконду жакшы корт окшойт
14.10.2020. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде эгер мумкунчулук болсо чыгармакмын, бирок бир нерсени чын айтып берсе. 2010жылы олгон балдар кимдин огунан олгонун, жана миллиондогон акчаларды кимдер болуп алышканын (Бакиевдер алып кетти деген) азыркы бийликте отургандардын кимдер катышканын даана, так, чын айтып берсе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: