super.kg logo

Нарында “Керемет банктын” сактык кассасы ачылды. Кош келиңиздер!

 

Нарын шаарынын борборунда жагымдуу, ыңгайлуу жана заманбап имаратта "Керемет Банктын" кардарларын тейлөө боюнча жаңы тейлөө жайы ачылды.


Шаардын калктуу жеринде, борбордук базардын жанында, Шуллер, 24-А көчөсүндө орун алуу менен сактык кассасы жеке адамдарга жана юридикалык жактарга банктык ишкердиктин бардык багыттары боюнча кызматтарды сунуштап келет, алсак: эсептешүү-кассалык жана валюта-алмаштыруу операциялары, төлөмдөрдү кабыл алуу, аманаттар, насыялар, мөөнөттүү акча которуулары, улуттук жана эл аралык тутумдардын төлөм карттарын чыгаруу жана тейлөөгө алуу, ошондой эле таламдуу кызматтар. Сактык кассасынын аймагында 24/7 ыргагында иштеген банкоматтын орнотулгандыгы дагы артыкчылыктуу болуп саналат.

Нарындагы жаңы ачылган тейлөө жайынын эшиктери кардарлар үчүн иш күндөрү саат 8.30дан тартып 17.30га чейин ачык (касса саат 9:00дөн 17:00гө чейин иштейт), түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин, ишемби жана жекшемби күндөр – дем алыш күндөрү болуп саналат.

Нарындагы жана башка облустардагы сактык кассалардын иш алып баруусу тууралуу толук маалыматты (0 312) 55 44 44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-борборго чалып, (0 557) 55 44 44 номериндеги вотсапка жазып же банктын сайтынан тактап алууга болот.

Кабыл алынган стратегиянын алкагында, аймактардагы калктын банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана заманбап санарип чечимдерди киргизүү менен банк өлкөнүн каржы рыногундагы өз позицияларын мерчемдүү негизде бекемдеп келет. Бүгүнкү күнү "Керемет Банктын" банктык жабдуулардын жардамы менен кыргызстандыктар кызматтарды сунуштоочулардын 170тен ашык кызматтарын, ал эми мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу 300гө чейинки сервистерди төлөп келишет.

"Керемет Банк" менен бирге заманбап банктык кызматтар дүйнөсүнө кош келиңиздер!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: