Өлкөдө педофилдерди химиялык кастрациялоону өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы менен алмаштыруу сунушталууда
Саламаттыкты сактоо министрлиги педофилдерди химиялык кастрациялоону өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы менен алмаштырууну сунуштап жатат. Муну 24-сентябрдагы ЖКнын комитет жыйынында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди.
"Сексуалдык кол салуу бардык учурда педофилдикке жатпайт. Мындай жаман ишти жасаган адамга, кылмышкер болобу, ага мажбурлоо жолу менен инъекция бере албайбыз. Дүйнөлүк тажрыйбада бул адам укуктарын бузуу болуп саналат” - деди министр. Мындан сырткары химиялык кастрациялоо адамдын ден соолугуна зыян экендигин айтып, аны өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу менен алмаштырууну сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

