super.kg logo

"Туулган күнүмдө карылар үйүнө тамак жеткирип баратам" дейт 32 жашка толгон ырчы Нурмат Садыров

 

Эстрада ырчысы Нурмат Садыров бүгүн, 19-октябрда 32 жашын белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, учурда карылар үйүнө тамак жеткирип бара жатканын билдирди.

"Сааттын жебеси 12ни каккандан кийин бир туугандарым туулган күнүм менен куттуктап келишти. Кечинде досторум менен белгилейм.

Туулган күнүмдө жетим балдарга жолугуп, аларга жакшы маанай тартууласам деген оюм бар болчу. Тилекке каршы, эпидемиологиялык абалдан улам балдар үйүнө барууга уруксат беришкен жок. Карылар үйүнө байланышсам макул болушту. Чыгармачылыктагы досторум менен биргеликте өз колубуз менен тамак даярдап, азыр алып баратабыз", - деди ал.

Ырчы 1988-жылы 19-октябрда Токтогул районундагы Торкен айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ырчынын репертуарында "Сүйгөн жүрөк", "Жүрөгүм", "Сага байланам", "Мен сүйгөн менен пайда жок", "Сени көрүп мен өзгөрдүм", "Жазым", "Торгоюм" жана башка ырлары бар.

19-октябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
19.10.2020. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодес!
Туүлган күнүң менен!
19.10.2020. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гокууй 32ге чыкты дейби
20.10.2020. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bakbai,Эмне болду? Каарыптырбы? Же жаш экен деп ойлопсунарбы?
19.10.2020. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах раазы болсун Нурмат
20.10.2020. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарыя кылбай эле алып бара бер да.сеники сооп болбой эле пияр болуп калган дай.
20.10.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nurgiz86,жакшы идеа экен деп дагы 5-6сы туураса дагы сооп да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: