super.kg logo

Өрттөнүп кеткен Австралиянын токойлору дрондун жардамы менен калыбына келтирилүүдө

 

Өрттөнүп кеткен Австралиянын токойлору дрондун жардамы менен калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

2019-2020-жылдары Австралиянын түштүк-чыгышында 11 миллион гектар аянтты ээлеген токойлор өрттөнүп, 7 миллиардга жакын бак-дарак күлгө айланган. Мындан улам токой жандыктарынын, айрыкча коалалардын жашоосу кыйындап кеткен.

Буга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду (WWF) коалаларды сактап калуу, тукумун көбөйтүү максатында дрондун жардамы менен Австралиядагы өрттөнүп кеткен сагыз дарактарынын ордуна жаңы уруктарды себүүдө. Сагыз дарагынын жалбырактары коаланын негизги азыгы болуп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун Австралиядагы филиалы коалалардын санын эки эсеге көбөйтүүнү жана 5 жылдын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды сыноону жана үрөн себүүнүн башка ыкмаларын каржылоо үчүн 300 миллион австралия долларын (210 миллион АКШ доллары) чогултууну көздөйт. Ошондой эле өрттүн кесепетинен 3 миллиардга жакын токой жаныбарлары жок болгон же башка жакка ооп кеткен деп эсептейт.

"Дрондор күнүнө 40 миң үрөн отургуза алат жана бул табиятты калыбына келтирүүгө жардам берет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: