Шоумен Актан Рыскелдиев: "Үчүнчү ирет уулдуу болгонума ыйладым, башкача сезимдер болду"




Шоумен, актёр Актан Рыскелдиевдин жубайы көз жарып, түгөйлөр үчүнчү ирет ата-эне болушту. Ымыркай бүгүн, 21-октябрда саат 09:45те борбордогу төрөтканалардын биринде төрөлдү.
"Эртең менен жубайымдын толгоосу кармап баштаганда ойгонуп кеттим. Төрөт үйүнө баргандан 1 сааттан ашык убакыттан кийин уулубуз төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
Балабызга ысымды жубайым Феруза коёт, варианттары бар. Үчүнчү ирет уулдуу болгондогу сезимдер башкача болуп ыйлап алдым", - дейт ал.
Актан Рыскелдиев 2014-жылдын сентябрь айында үйлөнүп, жубайы Феруза экөө Жантай жана Анатай аттуу уулдарды тарбиялап келишет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
8

Дагы дагы төрөтө бер кыргыздар көбөйө берсин!