Абайлаңыз, сүрөт! Милиция Бишкектин көчөсүнөн табылган маркумдун жакындарын издейт

Милиция борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен жансыз денеси табылган адамдын жакындарын издейт. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9-август күнү саат 21:00 чамасында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 35-40 жаштар чамасындагы кебетеси европалык болгон адамдын сөөгү табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда маркумдун жакындары изделүүдө.
Белгилери: бою 175 сантиметр, көздөрү күрөң, арык дене түзүлүштө, бети сүйрү, чачы ак баскан.
Үстүндөгү кийимдери: кара түстөгү баш кийим, ак тилкелери бар көк түстөгү футболка, күрөң куру бар кара шым.
Урматтуу жарандар, сүрөттөгү адамдын аты-жөнүн аныктоого көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөбүз. Ал тууралуу кандайдыр бир маалымат тапсаңыз, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюңуздар: 0(705) 45-05-53, 0 (553) 10-24-65, 0 (312) 35-26-05 жана 102 номерине.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.