super.kg logo

Бактын алдына көмүлгөн. Баңгизаттарды ташып жүргөн деп шектелип кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 

Баңгизаттарды ташыган туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттарды ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү аякташты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Баткен облусунун Лейлек районунда жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сактоого шектелип Лейлек районунун 1977-жылы туулган А.Ш. жана1972-жылы туулган Р.К. аттуу тургуну кармалган.

"Кармалган жарандар баңги кылмыштуулугу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушкан. Андан сырткары кызматтык итти колдонуу менен тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйүндөгү бактын алдына көмүлгөн өзгөчө жыты бар таңгакталган баштык табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, 5 килограмм 873 грамм салмактагы апийим жана 3 килограмм 916 грамм болгон афган түспөлүндөгү гашиш табылып алынды. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.10.2020. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсынар. Ишинерге береке. Адамдын ан сезимине терс таасир бере турганын билип туруп, ушул иш менен жан баккандарга Кудай бар. Акмактар, элин ойлобой, коздоруно бир эле акча корунуп калганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: