super.kg logo

Атамбаев СИЗО-1ге которулду. ЖАМК ал кандай камерада кармаларын айтты

 

Бүгүн, 26-октябрда саат 12:50дө экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулган иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде СИЗО-1ге алынып келди. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев аталган мекемеге алынып келгенден кийин профилактикалык сүйлөшүүлөр жана башка тиешелүү процедуралар жүргүзүлгөн. Андан кийин ал жалпы режимдеги камерага жайгаштырылган.

"Мекеменин администрациясына Алмазбек Атамбаевден “ачкачылык жарыялоо” боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес. Жактоочу Замир Жоошевдин ЖМКларга жарыяланган Атамбаевди кармоо шарттарына байланыштуу айткандары чындыкка дал келбейт.

СИЗО-1 борбордук жылытуу тармагына, ошондой эле борбордук канализацияга туташтырылып, мекеменин кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, видео байкоолор орнотулуп, анын жардамы менен борбордук кеңседен күнү-түнү онлайн режиминде көзөмөл жүргүзүлүп турат", - деп жазылат билдирүүдө.

Эртең ЖАМКда атайын комиссиянын отурумун өткөрүү пландаштырылып, анда Атамбаевди башка мекемеге которуу маселеси каралат.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун 2020-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен соттолуп, 11 жыл 2 айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.10.2020. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Кантсе да мурунку президент эмеспи уй камагына камаса болмок.
27.10.2020. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PFC-CSKA,кантсе да жердеш да, кантсе да кыргыз да, кантсе да экс президент да деп жүрүп кыргыз өнүкпөй келе жатат. Жегенби демек жазасын алсын
26.10.2020. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кустургула бул жегичти
26.10.2020. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мулкун конфискация кылып алган карыздарды толотуп чыгаргыла... А то муну камакта бакканга акча коп коротосунар
26.10.2020. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Садыр Жапаров деле журот го турмодон качып чыгып бийликти басып алып топ адамдар менен
27.10.2020. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Толосун кытайдын карызын жегичтер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: