super.kg logo

Травертиндик ийгилик

 

2018-жылы Өзгөн районунда каптоочу плитка жасоочу курулуш ташын иштеп чыгуу боюнча көп профилдүү ишкана өсүп чыкты. Кыргызстанда аны “сары-таш” дешет, дүйнө жүзү болсо травертин катары таанышат. Ал эми совет мезгилинде заңгыраган “расмий” имараттар курула баштаганда, тоотекте катып калган моллюстардан куралгандыктан аны ракушечник дешчү. Ал ташты жергиликтүү кендерден казып алып, өтө сапаттуу материал болуп эсептелинет.

Завод Россия-Кыргыз өнүгүү фонду менен «РСК-Банктын» биргелешкен каржылык колдоосунан улам ачууга мүмкүн болду.

"Долбоорду ишке ашыруу үчүн, тактап айтканда заводду куруп, аны жабдуу үчүн кошумча каражат керек болду", – дейт ишкананын аткаруучу директору Мырзабек Жоробаев.

"Биз каржылык рынокту, ушундай насыяларды берүүчү түзүмдөрдү иликтеп чыктык. Акыры фондду сунуштаган шарттарга токтодук. Себеби ал мөөнөтү жагынан ыңгайлуу, ошондо эле табыштамаларды ыкчам карап чыгып, пайыздык үстөгү да жакшы экен".

Алынган насыяга заманбап жабдуулар сатып алынды: жаңы модификациядагы конвейер, травертинди иштетип, жанчыган атайын техника, жүк ташуучу унаалар. Сыймыктанган нерсе – жабык циклдеги заманбап техниканын жардамы менен таштандысыз өндүрүштүн жөнгө салынганы. Учурда сатып алуучуларга продукциянын 30га жакын түрү сунушталат.

Курулуш ташы коңшу республикаларда таанымал. Ишкана аны Өзбекстан, Россия, Казакстан, жада калса Монголияга да сатат.

"Биз өндүрүштү кеңейтели деп жатабыз" деп келечек пландары менен бөлүштү инженер-технолог Азамат Исаков. "Демөөрчү жана инвесторлорду күтүп жатабыз. Кеңейүү үчүн бардык шарттарыбыз бар: жер, жабдуулар, иштегиси келген кызматкерлер".

Компаниянын планы боюнча, таш иштетүүчү завод – Өзгөн районунда ири долбоорду ишке ашыруунун биринчи гана тепкичи. Бул жерде дүйнөлүк деңгээлдеги логистикалык борбор, соода-өндүрүштүк база жана кесипке ээ болгусу келген жергиликтүү тургундар үчүн окуу борборун ачуу пландаштырылууда.

Албетте, бул үчүн кайрадан инвестициялар талап кылынат. Ошондуктан ишкананын жетекчилиги учурда бизнес-сунушун даярдоодо – РКѲФ менен кызматташуу үзүрлүү болду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: