super.kg logo

Менин жерим: Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун кичи мекени Ак-Жол айылы тууралуу баян

 
Акын Зайырбек Ажыматов
Ныязалы Борош уулу (1856, Аксы аймагы, азыркы Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кичиакжол кыштагы – 1941) – комузчу, жомокчу, ырчы. Комузда чебер ойноп, элдик ырларды жакшы аткарган, ошол эле өзү да көп күү («Кара өзгөй», «Арсар күү», «Кер толгоо», «Сары Барпы», «Короо күзөтүү», «Өттү кетти балалык» жана башка) чыгарган. Ныязалыдан Коргоол, Шекербек жана башка эл шайырлары таалим алган. Ныязалынын чыгармачылыгы айрыкча советтик доордо өнүккөн. Фрунзеде өткөрүлгөн эл чыгармачылыгынын республикалык биринчи (1936) жана экинчи (1937) олимпиадаларында биринчиликти жеңип алган.
Токтосун Тыныбеков (1927—1982) — акын-импровизатор
Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев
Төкмө акын Шекербек Адылов

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагы тууралуу сөз болот. Өзүнүн тарыхы, атактуу инсандары тууралуу SUPER.KG порталына айылдын жашоочусу Бексултан Айтикеев баяндап берди. Ал эми кээ бир малыматтар интернет булактарынан алынды.



Ак-Жол айыл аймагы 1924-жылы уюшулган, айыл аймагына 9 айыл кирет.

Алар:

Ак-Жол (борбор) - 563 кожолук; Райкомол - 344 кожолук; Тегерек - 241 кожолук; Жолборсту - 157 кожолук; Кечүү - 155 кожолук; Кызыл Бейит - 76 кожолук; Разан Сай - 57 кожолук; Кара-Тыт - 49 кожолук; Күрп-Сай - 32 кожолук;

Жалпы аянты 19 миң 400 чарчы метр, калкынын саны - 8 миңден ашат. Бишкек шаарынан алыстыгы - 530 чакырым, жакынкы аэропортко чейинки аралык - 78 чакырым. Деңиз деңгээлинен бийиктиги - 2 миң метр.

Биздин айылдан таланттуу залкар инсандар көп чыккан. Мисалы, жазуучу Төлөгөн Касымбеков, күү атасы Ныязалы Борош уулу, төкмө акын Токтосун Тыныбеков, Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев, төкмө акын Шекербек Адылов, акын Зайырбек Ажыматов.

Жазуучу Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган.
Ал 2011-жылы 17-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайткан.

Кен байлыктары боюнча айылдан көмүр, алтын кендери чыгат. Азыр күзүндө элдин басымдуу бөлүгү көмүрдө иштейт жана бизде айыл аймагында жаңгак көп өсөт. Айрыкча атап кеткен 9 айылдын Жолборсту, Райкомол Кечүү айылдарында көп жаңгак өсөт. Мындан сырткары кара өрүк (кайналы) өсөт. Аймакта климат дагы өзгөчө жайы салкын, кышы жылуу болот.

Коомдук ишмерлерден Кубанычбек Жумалиев Ак-Жол айылынан жана Жогорку Кеңештин депутаты Үмбеталы Кыдыралиев да биздин айылдын кулуну. Айылдын 90 пайызы таза суу менен камсыз болгон, атайын булактан суу ичишет.

Айылда технология жетиштүү, заманбап 4G интернет орнотулган.

Жалпы билим берүүчү мектептер - 8;

Жалпы окуучулардын саны - 1 миң 536;

Мугалимдердин саны - 141

ФАПтардын саны - 5.
Бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, бир маданият үйү жана 3 китепкана бар.

Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы аянты - 20 миң 816 .
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз. Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз. Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
30.10.2020. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин айыл укмуш кереметтүү
01.11.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет жерго Аксы жери
01.11.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айыл,атындан айланайын Ак Жолум!
Осуп оно берсин!
01.11.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылым алтын бешигим,жерибиздин кооздугун ай!!! Керемет!!! Бексултан аяш уулума ыраазычылык билдиремин Москвадан!!!
02.11.2020. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжол айыл өкмөткө киребиз. Бирок менин айылым Кечүү айылы. Бул жерде сүрөтү жок экен.Тоолор мн курчалган керемет жерде туулуп өскөнүмө миң ирет, ыраазымын. Биздин айылдан тоого чыгып карасаң, өтө кооз көрүнүш. Баткендин, Чаткалдын, Аксынын тоолору, булут мн тең тургандай болотго чиркин.Ал эми жаңгак токой мн да бир сыймыктана алам.Берекелүү,ырыскылуу,таза булактан,суу ичип,тоолордо чоңойгонума шүгүр.Ошон үчүнда Мекенди эл жерди сүйүп кадырына,жетким келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: