super.kg logo

Апрель окуясы боюнча шарттуу түрдө 22 жылга соттолгон Нурлан Темирбаев эркиндикке чыкты

 

Аламүдүн райондук соту 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча соттолгон Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаевди шарттуу түрдө бошотуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Аламүдүн райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Аламүдүн райондук сотунун 2020-жылдын 23-октябрындагы чечими менен, соттолуучу Т.Н.Т. жазасын өтөө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечим канааттандырылды. Т.Н.Т. 3 ай 20 күн болгон жазанын калган бөлүгүн өтөөдөн шарттуу түрдө бошотулду.

Т.Н.Т. укук коргоо органдарына жашаган жана иштеген жери өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоого, ошондой эле мезгил-мезгили менен жумуш убактысында укук коргоо органдарына келип турууга, ал эми зарыл болгон учурда жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгып кетүүгө уруксат алууга милдеттүү", - деп жазылган билдирүүдө.

Нурлан Темирбаев 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылып, 22 жылга эркинен ажыратылган. 6 жыл УКМКнын тергөө абагында отуруп, 4 жыл мурун №27 колонияга которулган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.10.2020. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бакиевдин кишилери чыга баштаптыр да
27.10.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муну эмнеге чыгарды
27.10.2020. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
10жылдан ашык отуруптурго жазасын алыптыр калганы качып кетип сырттан эле мынча жыл деп кесип койдуго
27.10.2020. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Marsel___kg,2016жылы соттолгон экен. Зектердин баары эркиндикке чыгып баштады го.
27.10.2020. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сизодо 1 куну 3 кунго эсептелинет ошондо 6 жылы 18000 жыл+4жыл=22000 болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: