super.kg logo

Легендарлуу "Сениби, шашпа!" мультфильминин заманбап версиясы тартылууда

 

"Союзмультфильм" киностудиясы "Сениби, шашпа!" мультфильминин жаңы, учурга ылайыкташкан версиясын тартуу үчүн коёндун акыркы визуалдык образын сунуштады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коёндун жаңы имиджи 30дан ашык вариациянын арасынан тандап алынган.

Ал эми мультфильмдин жаңы чыгарылыштарында коёндун үнүн шоумен Дмитрий Хрусталев, ал эми карышкырдын үнүн Гарик Харламов окуйт.

"Биздин чыгармачыл топ көптөн бери тентек баатырдын заманбап образын издеп келишкен, образдын 30дан ашык вариациясы түзүлгөн. Образ жаратууда каармандардын мүнөздөрүнүн тең салмактуулугун табуу, ошондой эле классикалык версия менен болгон катышты сактоо маанилүү болгон", - деп билдирген киностудиянын башкы продюсери Юлия Осетинская.

"Союзмультфильм" "Сениби, шашпа!" мультфильмин кайра жаратуу иштерин 2020-жылы баштаган. Жаңы анимациялык серия классикалык версиянын түздөн-түз уландысы болбойт, бирок салттуу диалогсуз комедия жанрын сактоо менен тарыхтын чыныгы окулушу болору болжолдонууда.

Мультфильм 3D форматында тартылат. Анимациялык сериалдын максаттуу аудиториясы - 6-8 жаштагы балдар.

Белгилей кетсек, мультфильмдин бет ачары 2021-жылы өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
27.10.2020. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Артык кылам деп тыртык кылып алышпаса эле, лучше классикага тийишпей, жаңы эле мультик тартышпайбы, вот том и Джери эски варианты жүрөт го, уландысы чыгып, лучше ошентишсин, просто билем акыркы убакта орустар самый остойный нерселерди тарта башташты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: