"Барселона" клубунун президенти Хосеп Бартомеу кызматынан кетти
"Барселона" футболдук клубунун президенти Хосеп Бартомеу кызматтан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Барселона" клубунун 57 жаштагы президенти Хосеп Бартомеу команданын сайтында жарыяланган маалымат жыйынында отставкага кеткенин билдирди. Бул чечимди клубдун башка лидерлери менен катар кечээ, 27-октябрда болуп өткөн директорлор кеңешинин жыйынынан кийин кабыл алган.
"Футболчулардын айтымында, Барселонаны менеджментиндеги башаламандык команданын ийгиликсиздигине алып келген. Команданын башкы оюнчусу Лионель Месси менен президенттин келишпестиктери, клубдун көңүл калтырган каржылык абалы, ошондой эле күйөрмандарга болгон ишенбөөчүлүк себеп болду", - деп айтылат маалыматта.
57 жаштагы Бартомеу Барселонада 2014-жылдан бери президент болуп иштеп келген. Анын жетекчилиги астында клуб Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болуп, өлкө чемпиондугун жана Испания Кубогун төрт жолу жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ermekdream

29.10.2020. 00:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда болуп жаткан окуяны көрүп калган чыгар сыягы, Испанияда да Барсанын кыргыз күйөөрмандары болсо керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.