super.kg logo

Чүйдө 20 миң доллар уурдоого шектелген жаран кармалды

 

Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 20 миң АКШ долларын уурдоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен Прогресс айылынын жашоочусу кайрылып, үйдөн 20 000 АКШ доллар акча каражатын уурдап кеткен белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси менен катталып, өндүрүш иши башталган. Бул кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн милиция кызматкерлери бир катар ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүшүп, жабырлануучунун жанында жүргөн адамдар суралган. Мындан аркы иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жабырлануучунун кол алдында мал багуучу болуп иштеген жаран акча каражаты жоголгондон кийин жашырынып качып кеткендиги такталган.

Чүй районунун милициясы анын аты-жөнүн тактап, ал тоноо фактысы менен бир нече жолу мурда соттолгон 1984-жылы туулган К.Е. экендиги белгилүү болгон. Ыкчам көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен К.Е. кармалып, Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: