super.kg logo

"Маркумдун күйөөсү жол коопсуздугу боюнча башкармалыкта жетекчинин орун басары". Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 31 жаштагы аял жана анын кызы көз жумду

 

Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жубайы жол кырсыгына кабылып, өзү жана 11 жаштагы кызы каза болуп, эки баласы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-октябрь күнү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун, тактап айтканда Өрүктү Чок-Тал айылынын ортосунда болгон. Анда БМВ Х5 унаасын 31 жаштагы аял башкарып бара жаткан.

Айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдогу бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден айдоочу мүрт кетип, 11 жаштагы кызы ооруканадан көз жумган. Ал эми 7 жана 5 жаштагы балдары учурда Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: