super.kg logo

Ош шаарында 3 баланын өмүрүн алган жол кырсыгы. 17 жаштагы айдоочу жандандыруу бөлүмүндө

 

Ош шаарында жеңил унаа электр мамысын сүзүп, унаада жүргүнчү катары бара жаткан 3 бала каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ОШ ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-октябрь күнү саат 02:00 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрүнүн биринде болгон.

Анда Mercedes-Benz унаасы Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 2003-жылы туулган К.А.нын башкаруусунда болгон. Ал бара жатып май куюуучу жайга келгенде рулду башкара албай калып, электр мамысын сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Унаада жүргүнчү катары бара жаткан 2004-жылы туулган О.У. окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми 2003-жылы туулган М.С. жана 2005-жылы туулган К.у.А. Ош облустук ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракаттарынын негизинде эсине келбей каза болушкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Каза болгон мектеп окуучуларынын ата-энелери жандандыруу бөлүмүндө жаткан айдоочуга эч кандай дооматтары жок экенин билдиришип, каза болгон балдарга медициналык экспертиза кылдыруудан баш тартышкан.

Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
29.10.2020. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сабыр берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: