super.kg logo

Супер фактылар: Эмне үчүн таксилердин өңү сары түстө?

 

Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө таксилердин түсүнүн сары болушу Жон Герц аттуу адамдын ысымы менен байланыштуу.

Ал дүйнөдө бардык таксилердин классикалык түрдө сары түстү алышы үчүн жөнөкөй жол менен гана ийгиликке жеткен.

"Жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн Жон алгачкы капиталын унаа соодасы аркылуу тапкан. Ал башка соодагер атаандаштарынан алдыга озуп кетүү үчүн жөнөкөй жана оригиналдуу идеяны сунуштаган. Ал жаңы автоунаа үчүн сатып алуучунун эски унаасын алган.

Ишкер колдонулган унаалар көрүнүктүү болуш үчүн сары түскө боёп салган дагы ал унааларды такси катары пайдаланып баштаган. Ушул жол менен гана АКШда биринчи жолу "сары такси" деп аталган коомдук транспорттор пайда болгон", - деп жазылат дүйнөлүк басылмаларда.

Эмне үчүн Жон Герц сары түстү тандаган? Биринчиден, бул түс алыстан бардыгынан биринчи байкалат, көзгө биринчи урунат. Ошондой эле такси бардык, айрыкча ошол кездеги эң көп кездешкен кара форддордон өзгөчөлөнүп турушу керек болчу. Анын кардарлары шаар көчөлөрүндөгү таксилерди ушундай жол менен тааный алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.10.2020. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул суроону менда коп ойлончумун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: