super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте КМШ өлкөлөрүндөгү Баш прокурорлордун Координациялык кеңешинин жыйыны өтүп жатат

 

Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КМШ өлкөлөрүндөгү Баш прокурорлордун Координациялык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Баш прокурорлор 2011-2013-жылдары кылмыштуулук, террорчулук жана экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу, адам сатуу менен күрөшүү жана 2012-2014-жылдары мыйзамсыз миграцияга каршы программалардын иштешин анализдешет. Иш-чаранын негизги бөлүгү жабык эшик артында өтөт. Күндүн экинчи жарымында ШКУга мүчө мамлекеттердин Баш прокурорлорунун жолугушуусу өтөт. КМШ өлкөлөрүндөгү Баш прокурорлордун Координациялык кеңеши 1995-жылдын 7-декабрында түзүлгөн. 2005-жылы ага КМШ аймагындагы эл аралык орган деген статус берилген. Кеңештин курамына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана  Украина кирет. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: