Чатырда түнөгөн жашоочулар, 33 сааттан кийин куткарылган тургун. Измирдеги жер титирөөдөн жапа чеккендер тууралуу видео жана сүрөттөр


















30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 20га жакын турак үй урап түшкөн.
Бүгүнкү күндө кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 52ге жетип, жаракат алгандар 900дөй экенин түрк басылмалары жазып чыгышты.
Издөө-куткаруу иштери урап калган 8 турак үйдө күнү-түнү жүргүзүлүп, ага жалпы 2 миң 76 куткаруучу тартылды. Аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан куткарылган тургун кырсыктан 33 саат өткөндөн кийин табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Ал эми аман калган тургундар чатырда түнөп жатышат. Окуя болгон жерге Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган барып, үйсүз калган тургундар турак жай менен камсыз болорун белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
pero5184

01.11.2020. 21:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тез эле жамандыктан кутулуп,көрбөгөндөй болуп кетишсин.
Mirzita81

02.11.2020. 00:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудыйым айттырбай келген кырсыктардан сактасын ааламды . Турк биртукгандарыбызга сабыр айтып кетебиз.
nazira...

02.11.2020. 06:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба, ушу кулаган уйлор акыркы салынган уйлору бекен. Бизде салып аткандар кандай курулуп атты экен ээ, туруштук бере алабы ишене албай кетем. Кудайым ар пендесин сактасын жаман нерселерден.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.