super.kg logo

"2 адам катышты". Израиль коронавируска каршы вакцинаны адамдарга сынай баштады

 

Израиль коронавируска каршы вакцинаны адамдарга сынай баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, сыноолордун биринчи фазасы 1-ноябрда жүргүзүлгөнү маалымдалат.

"Израилде COVID-19 илдетине каршы вакцинаны адамдарга текшерүү сыноосунун алгачкы этабы Рамат-Гане шаарындагы "Шиба" ооруканасында жасалды. Ага 34 жана 26 жаштагы эки жаран катышкан. Вакцина алган ыктыярчылар 24 саат бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Жалпысынан вакцинанын клиникалык сыноолоруна 18 жаштан 55 жашка чейинки 80 ыктыярчы катышат. Вакцинаны текшерүүнун биринчи фазасы 1 ай бою жүрөт. Ал эми экинчи этабы декабрь айына пландалууда. Эгер клиникалык сыноолордун эки фазасы тең ийгиликтүү өтсө, 2021-жылдын апрель, май айларында коронавируска каршы вакцинаны болжол менен 30 миң адам алат", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, COVID-19га каршы толук кандуу вакцина чыга элек. Бирок дүйнө жүзү боюнча потенциалдуу вакциналардын 200 түрү иштетилип жатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус коронавирус ага каршы вакцина чыгарылмайынча адамзат үчүн кооптуу бойдон кала берерин айтып келет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: