super.kg logo

Бишкектеги базарларда азык-түлүктүн кымбаттоосуна эмне себеп? (видеорепортаж)

 

Бишкек шаарындагы базарларда акыркы бир, эки ай ичинде азык-түлүктүн дээрлик бардык түрү кескин кымбаттап кетти. Анда эт, кумшекер, өсүмдүк майынан тарта жашылча-жемиштердин баасы жогорулады. Санаага баткан сатып алуучулар нарктын көтөрүлүп жатканы капчыкка кыйла сокку болуп жатканын айтышууда.

Азык-түлүктүн кескин кымбатташы сатуучуларга да кесепетин тийгизүүдө. Алардын айтымында, күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасынын көтөрүлгөнү аларга дагы, карапайым элге дагы кыйын болду. Өзгөчө кумшекер менен өсүмдүк майы өтө кымбат, былтыр ушул маалда кумшекердин килограммы 40 сомдон алынып, 45 сомго сатылса, азыр болсо 53 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми өсүмдүк майынын литри 120 сомго чейин жогорулаган.

Ал эми эттин баасы 400-430 сомдон жогору бааланып жатат. Сатуучулардын айтымында, эгерде мындай темп менен күнүгө жогорулай бере турган болсо, аз күндө эттин баасы миң сомго чейин чыгышы мүмкүн. "Эттин мындай темпте кымбаттоосуна эттин коңшу өлкөлөргө экспорттолуп кетип жатканында" дешет керектөөчүлөр.

Помидордун баасы былтыркыга салыштырмалуу 30-40 сомго кымбаттаган. Бүгүнкү күндө анын дүң баасы 75 сом болсо, сатуучулар 80 сомдон сатышууда. Былтыр жүзүмдүн баасы 55тен 70 сомго чейин сатылса, бүгүнкү күндө 85 сомдон 100 сомго чейин жогорулады. Банандын баасы 75 сомдон башталып 85 сомго чейин болсо, азыр 100 сомго чейин чыккан.

Баалардын мындай темпте жогорулоо себеби, дегеле бул маселе алкагында кандай иштер аткарылып жатат? Бул суроого Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков SUPER.KG порталына жооп берди.

“Бүгүнкү күндө биз жалпысынан азык-түлүк жаатында импортко көз каранды өлкөбүз. Ошол эле өсүмдүк майы жана башка бир топ азыктар бизге чет мамлекеттерден келет. Бул жерде баанын түзүмү сырткы, ички жана сезондук факторлорго ылайыкталып түзүлүп турат. Кумшекер, май, эт азыктарына болгон баалар жогорулады. Өсүмдүк майынын баасы өткөн айга салыштырмалуу 16-17 пайызга чейин көтөрүлгөн. Кумшекер болсо 11 пайыз, ал эми эт 4 пайызга чейин көтөрүлгөн. Буга биринчиден чет мамлекеттердеги баанын жогорулашы, мисалы, өсүмдүк майы бизге Орусия, Казакстандан келет. Ал жерде күн караманын түшүмү азыраак болуп, баа жогорулаган.

Мына ушул нерселердин таасири бизге да тийди. Андан сырткары доллардын курсу да таасир берди. Биздин ишкерлер азык-түлүктөрдү доллар менен келишим түзүп алып келет. Биздин этке Казакстан өзүнүн чектөөлөрүн киргизген. Мындан улам Өзбекстан, Тажикстан тарапка биз өндүргөн эт чыгып кетип жатат. Биз бул маселелердин үстүнөн иштеп жатабыз, мониторинг жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди Тайлаков.

Белгилей кетсек, буга чейин 30-октябрда Бишкек мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаев борбор калаадагы базарларга барып, азык-түлүктөрдүн баасын текшерүүгө алган. Текшерүү учурунда азык-түлүктөргө болгон баалар жогорулатылбаганы, баалар туруктуу кармалып турганы айтылган.






Азык- түлүктөргө болгон баа жогорулады

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.11.2020. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошолбу кымбаттабаганы эт 470деп турат.Лоя,нокот 120 экен 80сомдон алчубуз.Ун майлар болсо,вообще эле кымбат.Кандай билбейт бааларды!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: