Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 92ге жетти
Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 92ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары, аталган өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, акыркы маалымат боюнча каза болгондордун саны 92 болсо, жабыр тарткандардын саны 994кө жеткен. Ал эми 155 адам ооруканаларда жатат. Измирдеги кыйраган беш имараттын урандыларынан издөө-куткаруу иштери уланууда. Белгилүү болгондой, жеринде 2 миңге жакын куткаруучу иш алып барууда.
Эскерте кетсек, 30-октябрда Грециянын Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 20га жакын турак үй урап түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.