super.kg logo

Ошто кылмыштуу топтун 23 мүчөсү жашаган жеринен курал-жарактар табылып, алардын ишине бөгөт коюлду

 

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жашаган жеринен курал-жарактар табылып, алардын ишине бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 248-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча (кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзүү) катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында курал-жарактар табылганын маалымдайт.

"Кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жеринен санкцияланган тинтүүлөрдүн жыйынтыгында АК-47 үлгүсүндөгү 2 мылтык, 2 травматикалык тапанча, 32 мм калибрдеги белгисиз мылтык, 12 мм калибрдеги ТОЗ-34 маркасындагы 2 көзөнөктүү мылтык, оптикалык мээлегичи бар мылтык, белгисиз маркадагы өз колу менен жасалган мылтык (кесилген), ТОЗ-16 маркасындагы мылтык, 15 бычак, 2 жезден жасалган кастет жана көп сандагы патрон табылып алынды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.11.2020. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Блин атып эле салгылачы ушул паразиттерди, нафиг пайдасы да жок буларың, кырып эле салгылачы криминал аттуунун баарын.
03.11.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тамыры менен жок кыллгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: