super.kg logo

"Венадагы кандуу түн". Террорчулар Австриянын борборуна 6 жерден кол салышты

 

Бир канча куралчан адам Австриянын борбору Вена шаарынын алты бөлүгүндө ок атышты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 2-ноябрда кечке жуук орун алган. Анда куралчан белгисиз адамдар бир нече ресторанга кол салышкан. Натыйжада 4 адам каза болуп, 17 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында 7 полиция кызматкери бар. Кол салгандардын бири өлтүрүлүп, калганы качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

"Бул коркунучтуу кылмыштын кесепетинен 4 адам каза болду. 17 адам түрдүү мүнөздөгү жаракаттарды алды, алардын ичинде 7 адамдын абалы оор, алар ооруканага жеткирилди", - деген Вена шаарынын мэри Михаэль Людвиг.

Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяны теракт деп баалады.

Кылмышкерлердин ким экендиги, максаты жана канча адам экени азырынча белгисиз. Аларды кармоо операциясы уланып жатат. Венанын жашоочуларына үйлөрүндө калуу зарылдыгы эскертилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.11.2020. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Палитика
04.11.2020. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин ресторандар да коркуп кичине, аш тойлорду откорбой калышса экен. Аз да болсо бизге да сабак болоор бекен.
04.11.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кээ бир элдер жапай болот да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: