Өзбекстанда алтын куймалар элге эркин сатыла баштады
Өзбекстандын Борбордук банкы коммерциялык банктар аркылуу алтындын чен куймаларын жүгүртүүгө чыгара баштады. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бул калктын инвестициялык жана сактык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле баалуу металлдардын жүгүртүлүшүн өнүктүрүү максатында жасалып жатканын билдирди.
"Сатыкка 5,10,20 жана 50 граммдык 999,9 үлгүдөгү таза алтын чыгарылат. Куймаларды сатуу жана сатып алуу баасы алтындын дүйнөлүк баасына, ошондой эле Борбордук банк белгилеген маржа менен дисконтторго (жеңилдетүүлөр) жараша аныкталат. Куймалар италиялык "Certiline Srl" компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан, атайын корголгон таңгактарда сатылат. Таңгактары бузулбаган куймаларды өлкө сыртына тоскоолдуксуз чыгарып кетүүгө уруксат берилет", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жеке жактарга Борбордук банктын баалуу куймалары менен тыйындарын чектөөсүз чет өлкөлөргө алып чыгууга уруксат берген жарлыкка кол койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
erkegenje

04.11.2020. 20:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.